Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:59

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды


Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 18-апрель күнү саат 17:30 чамасында Нарын облусунун аймагында очогунда күчү төрт жарым баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн күчү Кочкор районунун Арсы, Кара-Тоо, Кочкор, Семиз-Бел айылдарында 4 балл, Чолпон, Туз, Кара-Күңгөй, Саз, Орто-Токой айылдарында 3,5 балл болду.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 3 балл, Оттук айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG