Өзбекстандын Республикалык атайын комиссиясынын чечими менен коронавируска байланыштуу карантин режими 10-майга чейин узартылды.
Мартта кабыл алынган алгачкы чектөөлөр 20-апрелде соңуна чыкмак.
Өлкөнүн баш калаасы Ташкентке башка аймактардан автоунаа каттамына тыюу салынган. 6-апрелден тартып бир катар шаар-кыштактар обочого алынган. Себепсиз көчөгө чыккандарга, беткап тагынбай жүргөндөргө административдик жаза каралган.
Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам 15-мартта аныкталган. 18-апрелге карата ооругандардын саны 1490 кишиге жетип, бешөө көз жумду, 194 адам сакайды.
Өкмөт Ташкент облусунун Жогорку Чырчык жана Зенги-Ата райондорунда коронавируска каршы бейтапканалар курулуп бүткөнүн кабарлады. Наманган облусунда да ушундай оорукана курулууда.