Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Чехиядагы орус элчилиги Немцов атындагы аянттан "көчүп" кетти


Прагадагы аянтка Борис Немцовдун аты ушул жылдын февраль айында берилген.
Прагадагы аянтка Борис Немцовдун аты ушул жылдын февраль айында берилген.

Орусиянын Чехиядагы элчилиги Прага шаарындагы Немцов атындагы аянттагы дарегин мындан ары документ алышып-беришүүдө көрсөтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу алар чех бийлигине кабарлашты. Ага ылайык, элчиликтин башкы имараты ошол аянтта эле калат, бирок расмий документтерде юридикалык дареги катары Коруновачни көчөсүндөгү консулдук бөлүмүнүн дареги жазылат.

Элчилик юридикалык дарегин алмаштырган себеби тууралуу эч кандай комментарий берген жок.

Ушул жылдын февраль айында Орусиянын Прага шаарындагы элчилиги жайгашкан аймактагы аянтка орус опозициячыл саясатчысы, маркум Борис Немцовдун ысымы берилген.

2018-жылдын февраль айында Орусиянын Вашингтондогу элчилигинин алдында Немцов атындагы аянт ачылган. Кийин ушундай эле кадамга Литванын баш калаасы Вильнюс да барган.

Борис Ельциндин тушунда вице-премьерлик кызматты аркалаган Немцов Орусиянын азыркы лидери Владимир Путиндин саясатын ачык сындап келгендердин бири болчу. Ал 2015-жылдын 27-февралында Кремлдин жанында атылган. Кылмыш боюнча беш адам соттолгон. Ошол эле маалда тергөө буйрук бергендерди таба алган эмес.

XS
SM
MD
LG