Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

COVID-19: Бишкекте он, Баткенде бир бейтап сакайып чыкты


Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан чыгып жаткан бейтаптар.
Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан чыгып жаткан бейтаптар.

Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын бирөө эпидемиолог. Баткенде COVID-19 вирусун биринчи болуп жуктурган дарыгер да сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

19-апрель күнү эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги илдет аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып чыканын маалымдаган. Республика боюнча жалпысынан 143 киши бул ооруну жеңип чыкты.

19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. Беш киши оорудан көз жумган.

XS
SM
MD
LG