Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Казакстандын көмөгү менен 32 кыргызстандык мекенине кайтып келди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бир нече мамлекеттин дипломатиялык мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, 14-18-апрель күндөрү 32 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алар Индонезия (Бали), Тайланд (Бангкок) жана Вьетнамдагы кыргыз жарандары.

Кыргызстандыктар казак өкмөтү уюштурган чартердик учак менен келишкен. Казакстандын аймагында эки күн кармалып, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте атайын транспорт менен Бишкекке келишти. Алар учурда обсервацияда жатышат.

Тышкы иштер министрлиги сыртта калган жарандарды алып келүүгө аракет кылып жатканын маалымдайт. Ушул күндөрү Орусияда, Түркияда жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине келе албай турушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG