Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Иранда абактан убактылуу бошотулгандарга дагы бир ай эркиндик берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус коркунучунан улам абактардан убактылуу бошотулгандарга дагы бир ай эркиндик берди. Ал 19-апрелдеги кайрылуусунда муну оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүрдү. "Коомго коркунуч жаратпаган соттолуучулардын эркиндиктеги мөөнөтү 20-майга чейин узарды" деди Роухани.

Иранда мындан туура бир ай мурун 85 миң адам абактан убактылуу бир айга чыгарылган болчу. Алардын 10 миңдейи мунапыс алган.

Иран президенти мечиттер менен башка диний жайлар дагы эки апта жабык болорун билдирди, Рамазан айындагы жамааттык иш-чараларга байланыштуу чечим кийин кабыл алынарын айтты. Мунун алдында Роухани Тегеранда карантин чаралары жумшара баштарын, айрым бир дүкөндөр, ишканалар ачыларын билдирген. Буга байланыштуу өлкөдөгү жуманын алгачкы иш күнүндө, 18-апрелде көчөлөрдө кыймыл-аракет жанданганы байкалды.

Расмий маалымат боюнча, Иранда коронавирусту 80 миңден ашык адам жугузуп алды, оорудан ажал тапкандардын саны беш миңден ашты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги тесттин жетишсиздигинен улам көз жумган адамдардын саны мындан көп болушу ыктымалдыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG