Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Аксы районунун Кербен шаарында 35 жаштагы аялдын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү Кербен шаарында келинди өз үйүндө кайниси бычак менен ичке сайып качып кеткен. Келин ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. (TSh/RsK)