Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

100гө таяган согуш ардагери дарыгерлерге 23 миллион доллар топтоду


Том Мур 30-апрелде 100гө чыгат.
Том Мур 30-апрелде 100гө чыгат.

Британияда Дүйнөлүк экинчи согуштун ардагери, 99 жаштагы Том Мур дарыгерлерге акча топтоо акциясын улантып жатат жана 19-апрелге карата 23 миллион доллар чогулганы белгилүү болду.

Жашы 100гө таяган карыя өсмөдөн дарылаган британ Улуттук саламаттык сактоо кызматына (NHS) ыраазычылык билдирүү максатында жана анын жаңы вирус менен күрөшүүдөгү мээнет-түйшүгүн сыйлап акча чогултуу акциясын 6-апрелде баштаган. Анда үйүнүн короосун чыгырыктын жардамы менен айланып, марафон баштаган. Башында короону 100 жолу айланып, 30-апрелдеги туулган күнүнө чейин, 100 жылдык мааракесин утурлай 1000 доллардан ашык каражат топтоюн деп жаткан. Бирок анын бул акциясы тууралуу медиа каражаттары жазып чыккандан кийин кайрымдуулукка акча жөнөткөндөр жүз миңдеп көбөйүп кеткен.

Том Мур чогулган акчаны толугу менен дарыгерлерге берүүнү жана кайрымдуулук акциясын дагы уланта берүүнү пландаштырып жатат.

Ардагер карыяга башка мамлекеттерден жана өзүнүн өлкөсүнүн премьер-министри Борис Жонсон баштаган аттуу-баштуу адамдар, карапайым жарандар ыраазычылыгын билдирип жатышат. Ал Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Индияда, Мьянмада жана Индонезияда кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG