Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Комендант: Нарында жайлоого көчүүгө тоскоолдук болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынын алдын алуу боюнча Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда киргизилген өзгөчө абал режими мал киндиктүү аймакта жайлоого көчүү мезгилине туш келди. Буга байланыштуу Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев малчыларга көчүп-конуунун жол-жобосун түшүндүрдү.

«Маршруттук баракчаңар болушу керек. Анда кайсы жайлоого кайсы жактан көчүп баратканыңар жазылышы керек. Андан сырткары мал-жандыктардын эмделгени тууралуу справка болушу шарт. Ошонун негизинде көчүүгө жардам беребиз», - деди Аалиев.

19-апрелдеги маалымат боюнча Нарын облусунда 67 кишиден коронавирус табылды. Алардын 51и Ат-Башы районунда. 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда жергиликтүү элдин көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен жан сактайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG