Ош облусундагы клиникалык оорукананын дагы бир медицина кызматкери айыгып чыкты. Бул тууралуу 19-апрель күнү кечинде республикалык штаб кабарлады.
«Балдардын жугуштуу оорулары боюнча дарыгер ооруканага түшкөндө эле оор абалда реанимацияга жаткырылган. Дарыгерлердин көмөгү менен илдетти жеңип чыкты», деп айтылат штабдын маалыматында.
Ошондой эле штаб дарыгердин видео кайрылуусун жарыялады. Анда сакайган бейтап дарыгерлерге алкыш айтууда.
«Мени оор абалдан чыгарышты. Мага караганда дарыгерлер көбүрөөк сарсанаа болушту. Силерге рахмат, өзүңөр да оорубагыла», - деди дарыгер.
19-апрелде Кыргызстанда коронавирус аныкталган дарыгерлердин саны 134 кишиге жеткени кабарланган. Буга чейин Баткенде COVID-19 вирусун биринчи болуп жугузган дарыгер да айыгып чыккан.
Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу ооруканадан 10 бейтап айыгып чыкты, алардын бирөө эпидемиолог. 19-апрель күнү эртең менен Саламаттык сактоо министрлиги илдет аныкталгандардын ичинен үч бейтап айыгып чыканын маалымдаган. Ошондо республика боюнча жалпысынан 144 киши бул ооруну жеңип чыкты. Жалпы республика боюнча коронавирус табылгандардын саны 554 кишиге жетти. Беш киши оорудан көз жумган. (TSh)