Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:28

Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер келет


Польшадан келген дарыгерлер.
Польшадан келген дарыгерлер.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелдеги брифингде билдирди. Анын айтымында, Кытайдан келген адистер жергиликтүү дарыгерлерге коронавируска каршы күрөшүүнүн ыкмаларын көрсөтүп, кеңеш беришет. Буга чейин Кытай бийлиги 15 дарыгерди Кыргызстанга жөнөтүүгө макул болгону кабарланган.

Ал эми буга чейин Польшадан келген дарыгерлер бүгүндөн баштап Бишкек шаарындагы инфекциялык ооруканадагы дарыгерлер менен кошо оорулууларды дарылоого катыша баштады. Сегиз адистен турган медициналык топ 24-апрелге чейин Бишкекте болуп, андан соң Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG