Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов облустук кеңешмеде коронавируска байланышкан коопсуздук чараларын күчөтүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды. Бул аракет облуста дагы бир адамдан вирус аныкталгандыгы, Бишкек, Ош шаарларынан, Түркиядан жергиликтүүлөр кайтып жаткандыгы, Дубай, Пакистан, Орусиядан да жакында келери күтүлүп жаткандыгы менен негизделди.
Бул тууралуу 20-апрелде облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
Кеңешмеде аймактагы санитардык-карантиндик көзөмөл постторунун, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттеринин, ички иштер кызматынын, айылдар аралык көзөмөл, үй карантинине алынган жарандарга түшүндүрүү, дезинфекциялоо иштерин күчөтүү маселелери каралды.
Жергиликтүү бийлик коронавирусту жугузган акыркы бейтап менен байланышкандар көп болуп жаткандыгын эскертип, облустун тургундарын кайдыгер болбой, карантиндин эрежесин так сактоого чакырды.
Өткөн аптанын соңунда Баткен районунун жетекчилиги айылдар арасында элдик кошундар тарабынан коюлган 23 көзөмөл постторун алуу боюнча буйрук чыгарган. Алынган посттор эми кайрадан коюлуп, көзөмөл күчөтүлөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин 20-апрелдеги маалыматына караганда Баткен облусунда жалпысынан коронавирус илдетине кабылган 6 бейтап бар. Кыргызстанда катталгандардын жалпы саны - 568. (JsA)