Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Германияда концлагерлердин бошотулганынын 75 жылдыгы белгиленди


Польшадагы лагерь музейге айландырылган.
Польшадагы лагерь музейге айландырылган.

Германияда 19-апрелде Совет жана Польша кошуундары Заксенхаузен жана Равенсбрюк концлагерлерин бошотконунун 75 жылдыгы белгиленип, сыйынуу жөрөлгөлөрү болду.

Коронавирустан улам фашизм курмандыктарын эскерүүгө арналган ири иш-чаралар болбой калды.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Мас жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович чогуу баяндама жасашты. Алар «жаңыдан күчөп бараткан» ксенофобия менен антисемитизмге каршы күрөшүү зарыл экенин билгилешти.

Заксенхаузен Совет жана Польша кошуундары тарабынан 1945-жылдын 22-23-апрелинде, Равенсбрюк 30-апрелде бошотулган. Бул лагерлерде миңдеген адамдар өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG