Орусияда өткөн дем алыш күндөрү коронавирус дагы 10 миңден ашуун кишиден табылып, инфекцияга чалдыккандар жалпысынан 47 миң адамдан ашты. Муну менен Орусия COVID-19 эң көп катталган он өлкөнүн катарына кирди.
Ошол эле учурда Орусияда коронавирустун кесепетинен көз жумгандар менен айыгып чыккандар башкаларга салыштырмалуу кыйла аз. Дүйшөмбүгө карай курмандыктар 405 кишиге жетсе, илдеттен кутулгандар 3,5 миңди чамалады.
Дүйнөдө коронавирус жугузганы аныкталгандар 2,4 миллиондон ашты. Алардын дээрлик ар бир үчүнчүсү АКШда.