Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Ошто өткөрмө кагазын жеке кызыкчылыгына пайдаланып жүргөн 10 айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 20-апрель күнү брифингде айтты. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 10 автоунаанын өткөрмө кагазын максатсыз, жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жүргөн жеринен айдоочулар кармалып, машинелер атайын айып токтотмосуна коюлган.

«Бишкекке, Жалал-Абадга такси айдагандар такыр ал эрежелерди сактабайт. Кооптуу да жагдай болуп жатат. Уруксат кагазын алып жүргөн жарандарга кайрылам. Өзүңөрдү, үй-бүлөңөрдү, алып жүргөн жүргүнчүлөрдү тобокелге салбагыла», - деди комендант.

Ош облусу боюнча бүгүнкү күнгө чейин 13 миңдей уруксат кагазы берилген. Алардын басымдуу бөлүгүн медицина кызматкерлери алган. (DU)

XS
SM
MD
LG