Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Кыргызстанда дары-дармек 15-20% чейин кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Фармацевттер бирикмесинин төрагасы Эрнист Асанов Бишкекте брифингде билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү дары-дармектердин кымбатташына чек араларынын жабылышынан улам дары алып келүүгө кеткен чыгымдар көбөйгөнү себеп болуп жатат. Буга кошумча доллардын курсунун көтөрүлүшү да таасирин тийгизүүдө.

«Учурда Орусиядагы айрым заводдор дарынын баасын 15-20% чейин көтөрүп жиберишти. Ошондуктан өлкөдө дарылардын кымбатташы сезилип жатат. Буга карабастан биз дары менен камсыз кылып жатабыз», - деди Асанов.

Бирикменин төрагасы учурда өлкөдө дары-дармек кымбаттаганы менен алардын жетишсиздиги жок экенин кошумчалады.

Асанов ошондой эле ушу тапта өзгөчө абал режимине байланыштуу фармацевттердин уруксат кагаз алышында кыйынчылык болуп, ал өз кезегинде дары-дармектерди тиешелүү тараптарга жеткирүү түйшүк жаратууда дейт. Анын айтымында бул маселени бийлик чечип бериши керек. (BkA)​

XS
SM
MD
LG