Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Ошто буудай жылдагыдан көп аянтка себилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда жаздык арпа-буудай быйыл 57130 гектарга себилди. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 113 гектарга көп. Бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, атайын өкмөттүн тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жаткан Ош облусундагы өкүлчүлүк маалымдады.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматкери Нуркыз Кадырбекованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Ошто жазгы талаа иштери Араван районунда февраль айында башталып, аяктаса, Чоң-Алай районунда эми башталууда. Учурда облустун жети районунда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат. Айыл чарба техникалары, минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо жолго коюлган.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда дыйканчылык иштерине 56 700 тонна жер семирткич керек болсо, учурда анын 42 677 тоннасы даярдалган. Өткөн аптада ишкерлер 9 вагон жер семирткич алып келишкен.

Ошондой эле жазгы талаа иштеринин алкагында арык-каналдарды тазалоо жана оңдоо иштери да жүргүзүлүп жатат. Отуз-Адыр, Араван-Ак-Буура каналдарында тазалоо жана ремонт иштери жүрүп жатат. Тазаланып, оңдолгон каналдарга суу берилүүдө.

Айрым дыйкандар буудай, картошка жана башка жашылча-жемиштердин үрөндөрүн, көчөттөрүн алып келиш үчүн өткөрмө кагаз алуу кыйын болуп жатканын белгилеп жатышат. Алар ошондой эле жер-жерлердеги посттордон ары-берүү өтүүдө да түйшүк жаралып жатканын айтып, Ош аймактык комендантурасына даттанышкан. Комендатура бул маселелер каралып, чечилерине убада берүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG