Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Орус өкмөтүнө мигранттардын укугун жарандардыкына теңөө сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Стратегиялык демилгелер агенттиги өкмөт башчы Михаил Мишустинге эмгек базарын жөнгө салуу боюнча бир нече сунуш киргизди.

Анын ичинде жумушсуздук жөлөкпулун жана башка жеңилдик, төлөмдөрдү ала алышы үчүн мигранттардын укугун убактылуу орус жарандарыныкына теңөө тууралуу сунуш да бар. Бул тууралуу РБК маалымат сайты жазып, агенттиктин директору Светлана Чупшева кол койгон каттын мазмуну редакцияга белгилүү экенин кошумчалады.

Документте Португалия үлгү катары көрсөтүлүп, коронавирустун кесепетин жоюу убагында бул өлкөдө 580 миң мигранттын социалдык укуктары жарандардыкына теңелгени белгиленет. Узак убакыт жашоо үчүн арыз берген чет өлкөлүктөрдүн баары 1-июлга чейин социалдык жардам ала алышарын Португалиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Клаудия Велозо «Reuters» агенттигине билдирген.

Азырынча орус өкмөтүнүн бул сунушка карата позициясы белгисиз. Президент Владимир Путиндин 18-апрелдеги жарлыгына ылайык, мигранттар визасынын же башка документтеринин мөөнөтүн 15-июнга чейин узартпай Орусиянын аймагында жашап, иштей алышат.

XS
SM
MD
LG