Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

Депутат Сулайманов акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча сунушка каршы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов валюта алмаштыруу бюролорун жабуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуш кылды. Депутат «Фейсбуктагы» баракчасында кызматташтарына видео аркылуу кайрылып, акча алмаштыруучу жайларды жабылышына эмнеге каршы болуп жатканын түшүндүргөн.

«Бул мыйзам долбоорун мен колдобойм. Биринчиден, элге ыңгайсыз болуп, банктарга кезек күткөндөр көбөйөт. Экинчиден, туристтерге ыңгайсыз. Үчүнчүдөн, бул кадам акча алмаштыруучу жайларда иштеп, өз арабасын өзү тартып жүргөн жарандарыбыздын нанын тартып алганга барабар болот», деп жазды депутат.

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке бюролорду жабуу сунушталууда. Жогорку Кеңеште бул тууралуу иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда Улуттук банктын лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъектилеринин тизмесинен акча алмаштыруучу жайларды алып салуу жана накталай чет өлкөлүк валюта менен алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугун насыя уюмдарына (мындай операцияларга тийиштүү лицензиялары бар банктарга, насыя бирикмелерине, чакан финансы жана чакан насыя компанияларына) калтыруу зарыл экендиги айтылат.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде бул жайлар дүйнөдөгү экономикалык кризистен жана коронавирустун жайылышынан улам түзүлгөн абалдан пайдаланып, доллардын курсун негизсиз аныктап, жасалма чыңалууну жана валютанын кымбатташын шарттаганы айтылат. Сунуштун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова жана Экмат Байбакпаев.

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясын алып иштеп жаткан 450 акча алмаштыруучу жай бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG