Түндүк Осетиянын борбору Владикавказда миңдей киши катышкан митинг өттү. Чогулгандар беткап тагынуудан баш тартып, коронавирус тууралуу кеңири маалымат жетпей жатканына, чектөө чараларынан улам жумуштарын жоготушканына нааразылык билдиришти.
Митингчилер «Битаров, чык!» деп кыйкырып, 8-майга чейин анын отставкасын, парламенттин тарашын талап кылышты.
ИИМ жана Росгвардия шаардагы Эркиндик аянтын дароо бөгөп салганын «Кавказ.Реалии» сайты маалымдады.
Түндүк Осетия башчысы Вячеслав Битаров элге чыгып, үйлөрүнө тароого чакырып бир сааттан ашык сүйлөшүүгө аракет кылды. Акырында митингчилердин өкүлдөрү менен алардын талаптарын талкууламакка кайра өкмөт үйүнө кирди.
Чеченстан жана Грузия менен чектешкен бул аймакта коронавируска чалдыккандар 145ке жетип, экөө көз жумду.
Элди тынчтык митингине чыгууга жергиликтүү опера ырчысы жана активист Вадим Челдиев үндөгөн. Ал өзү коронавирус тууралуу жалган маалымат таратты, полициячыга кол салды деп шек саналып, камакка алынган.