Орусия мамлекети менен келишимдин негизинде сатып алынган буудай Кыргызстанга келе баштады. 20-апрелде 15 вагон менен келген 1028 тонна буудай Чүйдүн Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. Бул тууралуу маалымат өкмөттөн алынды.
Материалдык резервдер фонду Орусиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу келет. Калган бөлүгү май айынын аягында келип калары кабарланды.
Буга чейин өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында өкмөт 800 миллион сомго дан азыктарын сатып аларын маалымдаган. Анын 400 миллиону өлкө бюджетинен бөлүнсө, 200 миллион сомун РСК жана «Айыл банк» бөлмөк. Өкмөт өлкөнүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан сакталып турганын билдирген. (TSh)