Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Меркел: Пандемияны жеңүүгө али көп бар


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германияда 20-апрелден тартып аянты 800 чарчы метрден ашпаган дүкөндөр жана соода жайлары ачылды. Мектептер бүтүрүүчү класстар үчүн гана 4-майда ачылат деп күтүлүүдө. Башкалар үчүн жергиликтүү бийлик кырдаалга жараша чечим кабыл алышы керек.

Канцлер Ангела Меркел дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында коомдук жайларды дароо ачып салууга болбой турганын, андай кадам буга чейинки ийгиликтерди тобокелге салууга тете болорун белгиледи.

«Биз пандемиянын эң башталышында экенибизди, аны жеңүүгө али көп бар экенин бир секунд да көңүлдөн чыгарбашыбыз керек. Менимче, өзгөчө алгачкы чектөөлөр алынып жаткан ушул аптанын башында бул тууралуу так айтып турушубуз зарыл», - деди Меркел.

Ал ошондой эле өкмөт коронавирустун кесепетин жумшартыш үчүн 500 млрд. евролук жардам топтомун макулдашканын, эми аны ишке ашыруу керек экенин белгиледи.

20-апрелге карата коронавирус жуккандар 146 миң адамдан ашып, бул статистика боюнча Германия алдыңкы беш өлкөнүн катарында турат. Анын 92 миңдейи айыгып чыкса, 4700гө жакыны көз жумду.

XS
SM
MD
LG