Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Тажикстан: прокурор коронавирустан өлгөн жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйшөмбү прокуратурасынын бөлүм башчысынын өлүмүнө грипптин H1N1 түрү жана өпкөнүн кош сезгениши себепкер экенин билдирди. «Ал COVID-19 инфекциясына чалдыккан эмес», деп жазылат 20-апрелдеги расмий билдирүүдө.

38 жаштагы Жалолиддин Абдужабборзода 15-апрелде борбордогу инфекциялык ооруканага жеткирилип, 19-апрелде эртең менен көз жумган. Учурда анын карантинге алынган туугандарынын саламаттыгы жакшы экени да билдирүүгө камтылган.

Абдужабборзоданын туугандарынын бири коргоочу костюмчан медицина кызматкерлери «Тез жардам» машинесинде сөөктү табытка салып келип, жаназасы окулган соң дароо алып кетишкенин «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди.

19-апрелде Тажикстандын түндүгүндө белгилүү акын Озарахш да ооруканага түшүп, өпкөсү сезгенген деген диагноз коюлганы белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 17-апрелде Тажикстанда коронавирус жок экенин, бирок аба ырайынын өзгөрүшүнө жана сууктап кеткенине байланыштуу өпкөсү ооруп кайрылгандар көбөйүп жатканын билдирген.

Ошентсе да «Азаттыктын» тажик кызматы коомчулукта ишенбестик, социалдык сайттарда ушак-айың жана шектенүүлөр күчөгөнүн жазууда.

XS
SM
MD
LG