Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Акын Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын чыгармачыл достору кабарлашты.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болгон.

«Айтыш» коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындарга устаттык кылган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары «Манас» баштаган дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

XS
SM
MD
LG