Орусияда айрым оппозициялык саясатчылар 28-апрелде «Жашоо үчүн» аттуу онлайн митинг өткөрө турганын жарыялашты. Митингдин негизги талаптары - пандемия убагында мамлекеттен каржылык жардам, чакан бизнести салыктан бошотуу жана Конституцияны өзгөртүү боюнча добуш берүүнү токтотуу.
Митингге катышууга саясатылар Дмитрий Гудков, Лев Шлосберг, Максим Резник, Юлия Галямина, Констанстин Янкаускас, журналисттер Андрей Пивоваров жана Илья Азар, экономист Сергей Гуриев, адвокат Мария Эйсмонт катышууга макулдук берди.
Уюштуруучулардын бири, «Ачык Орусия» кыймылынын басма сөз катчысы Константин Фомин митингдин форматы көчөдөгү нааразылык акцияларына окшош болорун, башкача айтканда катышуучулар көтөргөн баракчалар экрандан көрүнүп турарын айтты.
Журналист Илья Азар «онлайн митинг - учурда өз позицияңды билдирүүнүн жалгыз мүмкүнчүлүгү» деди. Ал митингге катышуучулардын саны көчөдөгү акциялардан кем болбойт деп божомолдойт.