Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Бишкекке кытайлык адистер тобу келди


Кытайдан келген адистер. Бишкек. 21-апрель, 2020-жыл.
Кытайдан келген адистер. Бишкек. 21-апрель, 2020-жыл.

Кытайдын медицина кызматкерлеринен турган топ Бишкекке келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар кыргызстандык адистерге коронавируска каршы күрөшүү, бейтаптарды дарылоо ыкмаларын көрсөтүп беришет.

Кытайлык дарыгерлер Медицина адистерин даярдоо жана кайра даярдоо мамлекеттик институтунун жамааты менен да жолугуп, алты багыттан турган окутуу программасы менен тааныштырышты.

Буга чейин Бишкекке Польшадан да адистер келгени кабарланган.

21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 590 адамга жетти, алардын жетөө каза болду. 216 адам айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG