21-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы жуккан адамдар менен контактта болгондордун жалпы саны 8367 адам. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө улам өзгөрүп турушу ыктымал. Алардын ичинен жакын байланыштагылар 1940, башка байланыштар 6447 адам.
Оорусу тастыкталган адамдар менен байланышта болгондордун арасынан 714 киши обсервацияда жатат.
21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 590 адамга жетти, жетөө каза болду. 216 адам айыгып чыкты.
Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)