Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Абдикаримов: Дарыгерлердин өтүнүчү каралат


Бишкектеги ооруканада. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги ооруканада. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин катына жооп берди. Анда министр саламаттык сактоо системасын тартипке салуу, медицина кызматкерлеринин ишин жана социалдык абалын жакшыртуу, өзгөчө кырдаалда иштеп жаткан кызматкерлерге каржылык жана башка кошумча сый акы төлөп берүү боюнча түшүп жаткан сунуштар эске алынарын белгилеген.

Министр Сабиржан Абдикаримов жооп катында: «Биз бардык сунуштарды жана демилгелерди окуп, талкуулап жатабыз. Сиздер сунуш кылып жаткан дарыгерлерге айлык акы төлөөдөгү «индикатор, ЭКК (эмгек катыш коэффициенти)» маселелери ар тараптуу талдоону талап кылат. Бул маселени коронавирус пандемиясы азайган кезде сөзсүз карайбыз. Министрлик өзүнүн кесиптештери үчүн ар дайым ачык, диалогго даяр. Азыркы өзгөчө кырдаалда ар бир кыргызстандыктын саламаттыгы үчүн чогуу күрөшөбүз», деп билдирген.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун дарыгерлери 20-апрелде өкмөткө кайрылып, коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан оор кырдаалда үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлерине көңүл бурууга чакырышкан. Кайрылуу ээлери айлык акы төлөөдөгү атайын индикаторлорду жокко чыгарууну, эмгек акынын базалык деңгээлин көтөрүүнү суранышкан.

Мындан тышкары коронавируска каршы алдыңкы катарда иштеген медициналык кызматкерлерге социалдык турак жай, жеткиликтүү ипотекалык жол менен үй берүү жагы каралышын суранышкан.

21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 147 кишиге жетти. Алардын 13ү айыгып чыкты. Сакайып чыккан алты дарыгер кайра ишине киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG