Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Түркиядан келгендер үй карантинине чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиядан учуп келген 211 кыргызстандык лабораториялык изилдөөдөн өтүп, жыйынтыгы чыккандан кийин баары үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу 21-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштери жүрүп, анкеталар толтурулду.

«Толук лабораториялык тестирлөө ошол жерден жүргүзүлдү. Жыйынтыгы чыккандан кийин телефонуна кошумча тиркеме жүктөлүп берилип, үйүндө шарты барлардын баары атайын унаа менен жер-жерине жеткирилген. Ал эми арасында Түркиядан бөйрөгүн алмаштырып келгендерди, операция болгондорду ооруканага жаткырып, текшерүүдөн өткөрүп, жөнөттүк», - деди ал.

Сыртта калган кыргызстандыктар маселеси өткөн аптада парламентте талкууланып, өкмөт алардын саны алты миңдин тегерегинде экенин билдирген.

Түркиядан келчү 400дөй кыргызстандыктын жарымы чартердик учак менен алынып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG