Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Орусиядагы кыргыз элчилиги авиабилет саткан шылуундарга алданбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык да, кыргызстандык да авиакомпанияларга тиешеси жок ортомчу сайттар мекенине кайткысы келген кыргыз жарандарын алдап, аларга электрондук билет сатууну улантууда. Бул тууралуу 21-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал сайттардын юридикалык эч кандай жоопкерчилиги каралган эмес жана алардан билет сатып алгандан кийин кайра байланышуу мүмкүн эмес.

Элчилик “Каттам жок болгондуктан Кыргызстандын жарандары уча албайт, мурда сатып алган билеттеринин акчасын да кайтарып ала албайт. Себеби ал ортомчу сайттардын кардарларды колдоо кызматы жок, операторлору менен да байланыштуу мүмкүн эмес” деп билдирди.

Маалыматта ошондой эле коронавируска байланыштуу дүйнөдөгү пандемиядан улам Кыргызстан менен Орусиянын аба, темир жол жана автомобилдик каттамы азырынча жабык экени, бул убактылуу чектөө дагы узартылышы ыктымалдыгы белгиленди.

Элчиликтин коронавируска каршы штабы жарандарды зарыл болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышка чыгып, маалыматты тактап алса болорун билдирди: «Аэрофлот» 8 800 444 55 55, +7 495 223 55 55, «S7 Airlines» 8 800 700 07 07, «Уральские авиалинии» 8 800 77 00 262, +7 499 920 22 52, «Авиатраффик» +7 925 750 81 41, +7 967 036 48 35.

Мындан тышкары штабдын Call-борборуна да байланышса болот: +7 (499) 237 43 01; +7 (499) 237 44 61; +7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап); +7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап); +7 925 103 29 11 – мобилдик (вотсап).

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын көйгөйү 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болгон.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, азыркы тапта дагы 4371, анын арасында Орусиядан 2 миңдей адам келе албай жатканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG