Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Беларус Жеңиш күнүн белгилөөнү чечти


Парадга даярдык. Минск, 16-апрель, 2020-жыл.
Парадга даярдык. Минск, 16-апрель, 2020-жыл.

Беларустун Коргоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган парадды 9-майда өткөрүүгө жол берет деп эсептейт.

Бул өлкө жарандарынын коронавируска байланыштуу парадды өткөрбөө тууралуу чакырыктарга, кайрылууларга жооп иретинде айтылды.

Коргоо министри Виктор Хренин иш-чараны аскердик даярдыктын бир бөлүгү деп баалап, «вирус инфекциясына каршы күрөштө өлкөнүн потенциалын өстүрүүгө жардам берет» деп белгиледи.

Ага чейин бийлик 9-майдагы парадды өткөрбөө же жылдыруу маселеси «жада калса караштырылбай» турганын да билдирген эле.

Беларус - карантин чаралары киргизилбеген, коомдук иш-чараларды, анын ичинде улуттук футбол чемпионатын өткөрүүгө чек коюлбаган бирин-экин Европа өлкөлөрүнүн бири.

20-апрелге карата бул өлкөдө COVID-19 инфекциясынан жабыркагандар 6264кө жеткени расмий кабарланды. Алардын ичинен 51 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG