Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 21-апрелде брифингде «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал коронавирус илдети кыргызстандык жарандардан да табылган алгачкы учурларда медицина кызматкерлери тийиштүү коргонуучу кийимдер менен жетиштүү деңгээлде камсыздалбай калганын мойнуна алды.
«Ошондуктан, башында ал зонага коргонуучу кийимдери жок кирип, иштеген медициналык кызматкерлерге оору көбүрөөк жугуп калганы чын, - деди ал. - Бирок азыр Ош облусунда, Ош шаарында жана жалпы эле аймактардагы ооруканаларда медицина кызматкерлери коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалды, жетишсиздик жок».
Каратаев Ош облустук ооруканасына 21-апрелде гуманитардык жардам катары берилген коргонуучу каражаттар келери күтүлүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда вируска чалдыккан 590 адамдын 147си медициналык кызматкерлер. Алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ооруканаларынан илдетти жугузуп алышкан. Дарыгерлер коронавируска чалдыккан адамдар менен тыгыз, тийиштүү коргонуучу кийимдери жок иштешкени үчүн ооруга чалдыкканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. (ZKo)