Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Израилде бийлик менен оппозиция өкмөт түзүш үчүн мунасага келди


Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.
Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.

Израилдин учурдагы премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын атаандашы Бенни Ганц 20-апрелде коалициялык өкмөттү кураш үчүн мунасага келишти. Азырынча келишимдин шарттары, бийлик кандай бөлүштүрүлгөнү расмий маалымдала элек.

Ал эми израилдик маалымат каражаттары Нетаньяху менен Ганц өкмөттү кезектешип башкарып, 18 айдан кийин алмашып турушарын жазып жатышат. Азырынча белгилүү мөөнөткө чейин учурдагы өкмөт башчы кызматында кала берет. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн мурдагы кол башчысы Бенни Ганц коргоо министринин милдетин аткарат.

Бул кадам өлкөдөгү бир жылга созулган саясий кризиске чекит коюшу ыктымал. Коронавирус пандемиясы учурунда бир өңчөй чечим табылганын айрым израилдиктер кубаттоо менен кабыл алышты.

«Менимче бул мыкты чечим. Анткени азыр бизде миллиондон ашуун жумушсуз бар. Бизнестин көбү кыйын абалда турат. Ошон үчүн бизге азыр туруктуу өкмөт керек», - деди «Reuters» агенттигинин сурамжылоосуна жооп бергендердин бири, Тел-Авивдин тургуну Ави Алкаллай.

Израилде өткөн жылдын апрелинен бери үч ирет парламенттик шайлоо өттү. Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы менен Ганцтын «Көк жана ак» партиясы мандаттын көбүн алышканы менен коалиция курай албай келишти. Акыркы сүйлөшүүлөр ишке ашпаганда төртүнчү жолку шайлоого жол ачылмак.

XS
SM
MD
LG