Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Велосипедчен дары ташыгандар уруксат маселеси чечилгенин билдиришти


Велосипед менен жардам ташыган ыктыярчылар.
Велосипед менен жардам ташыган ыктыярчылар.

Бишкекте велосипед менен инсулин ташып жеткирүүгө уруксат кагазын Саламаттык сактоо министрлиги жазып бермей болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Биз барбыз» элдик штабынын жетекчиси Урмат Насыкулов билдирди.

Активист белгилегендей, кант диабетине чалдыккан бейтаптарга инсулин жана башка муктаждарга дары-дармек жеткирүү иши бүгүнкү күндө өтө маанилүү болуп турат. Буга чейин велосипедчен ыктыярчылар инсулинди 500 жолудан ашуун жеткирип беришти.

«Биз барбыз» штабы коронавирус шартында жардамга муктаждарга колдоо көрсөтүш үчүн элден чогулган акчага дары-дармек жана азык-түлүк жеткирип берүүдө.

30-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, жолдор жабылды.

20-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев велосипед менен гуманитардык жардам ташуу үчүн уруксат кагазы керек экенин айткан. Жөн гана сейилдөөнү каалагандар 1,5 чакырым аралыктан ашпашы зарыл экенин белгилеп, «талапты аткарбагандардын велосипеди алынат» деп билдирген. Буга байланыштуу ыктыярчылар ага кат жазып, уруксат берүүнү өтүнүшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG