Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Ошто өзгөчө абал киргенден бери үч кишиге коронавирус илдетин жашырганы үчүн иш козголду


Ош шаары.
Ош шаары.

Бул туурасында Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 21-апрель күнү брифингде билдирди. Ал Калинин массивиндеги маалелердин биринде Орусиядан келген жаран үй-бүлөсүнө коронавирус жугузуп алганын мисал кылды.

«Орусиядан келгенден кийин текшерүүдөн, медициналык кароодон өткөн эмес. Үйүндө бала-бакырасы менен карым-катнаш кылып жүрө берген. Жаап-жашыргандыгы, өзүнүн үй-бүлө мүчөсүнө жугузганы тууралуу маалымат толук аныкталып чыкты. Андан сырткары 10 жакын туугандары бүгүнкү күндө обсервацияга алынды», - деди Нурдинов.

Учурда бул жаранга карага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бересинин («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») негизинде иш козголуп, териштирилүүдө.

21-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 590 кишиге жетти. Алардын 150сү Ош облусунда болсо, 93ү Ош шаарында. (DU)

XS
SM
MD
LG