Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Бишкекте жылуулук тармагын оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлөт


Бишкектеги Жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги Жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун жана ага тиешелүү жабдууларды оңдоп, кийинки кышка даярдоо иши мөөнөтүнөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын басма сөз катчысы Азамат Курамаев 21-апрелде «Азаттыкка» билдирди:

«Жыл сайын жасала жүргөн иш катары биз жылуулук тармагын оңдоо иштерине жаңы жылдан тартып эле даярданабыз. Ошондуктан быйыл да иштер өз мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Баш калаада ысык сууну өчүрүү боюнча шаар башчысынын буйругу чыгары менен биздин адистер ишке киришет».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган өзгөчө абалдан улам электр энергиясы үчүн акча аз төлөнүп жаткандыктан, келерки жылуулук сезонуна даярдык өз мөөнөтүндө көрүлбөй калышы мүмкүн экени 20-апрелде «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын селектордук жыйынында айтылган.

Ишкананын жетекчилиги буга жол бербеш үчүн антикризистик чаралар иштелип жатканын билдирүүдө.

Жыл сайын май айынын онунан июнь айынын онуна чейин баш калаада ысык суу өчүрүлүп, жылуулук тармагын оңдоо иштери жүргүзүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG