Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Ат-Башыда карантинге алынган адам мас абалында эки жолу кырсыкка учураган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ат-Башы районунда мас абалында машине айдап, жол кырсыгына кабылган адамга карата сотко чейинки териштирүү иши башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын шаары менен Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 18-апрелде саат 20:25 чамасында «102» кызматына Ат-Башы айылынын 1958-жылы туулган тургуну М.А. кайрылып, үйүнүн коругун «КамАЗ» үлгүсүндөгү машине сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген. Айдоочу, мас абалдагы 26 жаштагы К. у. Ж. андан кийин автоунаасы менен Ат-Башы айылын аралап жүрүп, милиция кызматкерлерине баш ийбей, Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарынын ортосундагы блокпосттун тосмосун сүзгөн. Милиция кызматкерлери аны ошол жерден кармашкан.

Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун маалыматына караганда, К. у. Ж. 13-апрелде 14 күндүк үй карантинге алынган. Ага карантиндин шартын бузбоо, үйдөн чыкпоо тууралуу эскертилген. Дарыгерлер карантиндин талаптарын бузганы үчүн аны жоопко тартууну өтүнүп, милицияга кайрылышкан.

Бул факты боюнча Ат-Башы РИИБ тарабынан Жоруктар кодексинин 127-беренесине ылайык («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин бузуу») сотко чейинки териштирүү иши ачылган. Ал эми мас абалында жол эрежесин бузганы үчүн Тартип бузуу кодексинин 128-беренеси («Транспорт каражатын мас абалында айдоо») менен 17 500 сом айып салынган.

Нарын шаары жана Ат-Башы району 16-апрелден тартып өзгөчө абал жарыяланган аймактардын катарына киргизилген. MiK)

XS
SM
MD
LG