Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:10

АКШ Рахимовду криминалдардын тизмесинен чыгарбайт


Гафур Рахимов.
Гафур Рахимов.

АКШ соту өзбек ишкери, Эл аралык бокс федерациясынын мурдагы президенти Гафур Рахимовду уюшма кылмыш тобунун лидерлеринин тизмесинен чыгаруудан баш тартты. Ал тизмеге мыйзамсыз кошулуп калганын билдирип кайрылган эле.

Колумбия округдук сотунун судьясы Жеймс Босбергдин чечиминде: «Купуя тартылган видеону сот көрдү. Видео Рахимовдун криминалдык авторитеттер менен байланышын ырастайт» деп белгиленет. Ошондой эле Рахимов өзүн актаган далил көрсөтө албаганы кошумчаланды.

Гафур Рахимов биринчи жолу Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине 2012-жылдын 23-февралында киргизилип, «Евразиядагы кылмыштуу синдикаттын» лидерлеринин бири катары таанылган. Документте Рахимов Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашкан өзбекстандык криминалдык лидер катары сыпатталат.

Рахимов ушул маселеден улам 2019-жылы Эл аралык бокс федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасыз болгон. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Санкция салынгандардын АКШдагы банк эсептери камакка алынып, америкалык жарандарга алар менен кызматташууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG