Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

Дарыгерлерге 28 млн. сом кошумча сый акы катары төлөнүп берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Медицина кызматкерлеринин март айындагы айлык акысына кошумча төлөм үчүн 38,5 млн. сом бөлүнгөн. 21-апрелге карата анын ичинен 28 млн. сому 4 538 медициналык кызматкерге таратылып берилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 21-апрелдеги брифингде билдирди.

«Апрель айы үчүн айлык акыга кошумча сый акы катары берилүүчү 132 млн. сом каралууда. Бул сумма дагы такталат», - деген вице-премьер-министр медициналык кызматкерлердин айлык акылары боюнча да өзгөртүүлөр киргизилип жатканын кошумчалады.

Анын маалыматына караганда, өкмөттүн чечими боюнча, негизги эмгек акы толук берилет. Мындан тышкары эмгек катышы коэффициенти (КТУ), индикатор боюнча да мыйзам чегинде каралып берилет.

Аида Исмаилова коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал көп тармактардагы, анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кемчиликтерди ачык көрсөткөнүн белгилеп, өкмөт бул кемчиликтерди оңдоонун үстүндө иштеп жатканын айтып кетти.

Өкмөт коронавирус илдети менен күрөшүп иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге айлык акысына кошумча сый акы катары 28 миң сомдон 48 миң сомго чейин берилерин, ал үчүн Саламаттык сактоо миинстрлигинин атайын эсебине келип түшкөн акчадан 38,5 млн. сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Бирок айрым медицина кызматкерлери убада кылынган акча берилбей жатканын айтып, нааразы болуп жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG