Медицина кызматкерлери үчүн каралган коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 21-апрелдеги брифингде маалымдады. Анын айтымында, коргонуучу каражаттар бардык аймактарга тизме менен жеткирилип жатат, запасы күн сайын текшерилип турат.
«Мындан тышкары гуманитардык жардам аркылуу келген коргонуучу каражаттар да бар. Аймактардагы медициналык мекемелердин башчыларына жана башка жетекчилерге коргонуучу кийимдер менен кызматкерлерин камсыздоо тапшырылган», - деди Аида Исмаилова.
Вице-премьер-министр онкологиялык оорулуулар үчүн химиотерапия каражаттарын алууга 167 млн. сом бөлүнгөнүн, жакынкы күндөрү тендер жарыяланарын да айтып кетти. Исмаилованын маалыматына караганда, балдардын онкологиялык ооруканасында дары-дармектер, химиотерапия каражаттары жетиштүү. Ошондой эле өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдууларды сатып алуу маселеси да каралып жатат.
Кыргызстанда 21-апрелге карата 590 кишиден коронавирус илдети аныкталды. Анын ичинен 147си медициналык кызматкерлер. (ZKo)