Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

ИИМдин ондон ашуун кызматкери обсервацияда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ондон ашуун кызматкери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу 21-апрелде «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматынын инспектору Ырысгүл Жайлообекованын айтымында, алардын алгачкы анализи таза чыкты, баарынын абалы жакшы, денеси ысыган жок.

«Алар алдыңкы катарларда иштеген кызматкерлерибиз. Оорунун жайылышынын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иш-чараларга катышкан. Ошондуктан обсервацияга алынды», - деди ал.

Обсервациядагы милиционерлер медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 590 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 216сы айыгып чыкты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиционерден коронавирус табылганы кабарланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG