Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Иран миң чет өлкөлүктү абактан убактылуу бошотот


Ирандагы абактардын бири
Ирандагы абактардын бири

Иран коронавируска байланыштуу абактарындагы миңден ашуун чет өлкөлүктү убактылуу бошотот. Бул тууралуу өлкөнүн сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейин Эсмаили билдирди.

“Абактагылардын саламаттыгын камсыздап, аларга тыным бериш үчүн Иран олуттуу кадам жасады” деди Эсмаили.

Тегерандын бул билдирүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттеринин чакырыгынан кийин жасалды. Өткөн аптада алар Тегеранды убактылуу бошотулгандардын тизмесин кеңейтүүгө, ага “абийир туткундары менен кош жарандуулугу барларды кошууга” үндөшкөн.

Буга чейин Иран бийлиги абактагы 100 миң адамды убактылуу – 19-апрелге чейин бошоткон. Пандемиянын күчү басылбай жатканына байланыштуу алардын эркиндиктеги мөөнөтү 20-майга чейин узартылды.

Иран пандемиядан катуу жабыркап жаткан он өлкөнүн бири. 21-апрелге карата коронавирус жуктурганы аныкталгандар 85 миңге жакындады. Расмий маалымат боюнча алардын 5300 чамалуусу көз жумду, 61 миңдейи айыгып чыкты. Ошол эле учурда өлкө парламентиндегилер, саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер илдетке чалдыккандар расмий статистикадан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG