Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

ТИМ: Новосибирскиден жарандарды алып келүү макулдашылды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган кыргызстандыктарды алып келүү маселеси сүйлөшүлгөнүн маалымдады. Бирок канча жаран алынып келери айтылган жок.

Тышкы саясат мекемесинин маалыматына ылайык, 22-апрелде Орусия мамлекети Кыргызстандагы өз жарандарын алып кетүүнү пландап жатат. Кыргызстан ошол учак келатканда Новосибирск шаарындагы мекендештерди ала кетери макулдашылды.

ТИМ Новосибирскиде мекенине кайта албай тургандардын ичинен өзгөчө жардамга муктаждар тамак-аш, жаткан жери менен камсыздалганын билдирди. Бирок соцтармактардагылар Орусиядагы мекенине кайтууну чечкен мекендештер кыйын күнгө кабылганын, тамак-ашка акчасы калбай баратканын жазып жатышат.

Ушул күндөрү чет өлкөлөрдөн, айрыкча Түркия менен Орусиядан жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай турушат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG