Коронавирус пандемиясынын айынан кирешеси кемип, натыйжада ачарчылыкка кабылгандар быйыл эки эсе көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу 21-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен анын өнөктөштөрүнүн орток баяндамасында эскертилди.
«Азык-түлүккө өтө муктаж адамдар 2020-жылы 265 миллионго жетет. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 130 миллионго көп», деп жазылат божомолдо.
Пандемиянын айынан сапарлар тыйылып, туризмден киреше түшпөй калышы, чектөөлөрдүн айынан иштин токтогону азык-түлүк коопсуздугуна бирден-бир терс таасир этет.
«COVID-19 - кылдын учурда турган миллиондогон адам үчүн потенциалдуу катастрофа. Биз бул глобалдуу катастрофанын таасирин азайтыш үчүн жамаатташып аракет кылышыбыз керек», - дейт Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы экономисти жана изилдөөлөр боюнча директору Ариф Хусейн.
Ушундан улам баяндаманын авторлору азык-түлүк программасы үчүн быйыл 10-12 миллиард доллар бөлүнүшү керек экенин билдиришти. Былтыр бул максатка 8,3 млрд. доллар тартылган.
Баяндамага ылайык, ачарчылыктын азабын көбүрөөк тартып жаткандар - Сирия сыяктуу согуш болуп аткан же климаттык өзгөрүүлөрдөн катуу жабыркаган өлкөлөрдүн тургундары.