Өзбекстан эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму чыгарган 2020-жылдагы сөз эркиндигинин рейтингинде 156-орунду ээледи. Бул көрсөткүч бир жыл мурдагыга караганда төрт тепкичке жогору.
Рейтингде 180 мамлекеттеги сөз эркиндиги бааланган.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан баарынан алдыда. Бул жылы кыргыз сөз эркиндиги 82-орунга ылайык деп табылып, бир жыл мурдагыдан бир тепкич өйдөлөдү.
Казакстан 157, Тажикстан 161, Түркмөнстан 178-катарда.
Ал эми Орусия 149, АКШ 45-тепкичте.
Сөз эркиндиги эң мыкты беш мамлекет деп Норвегия, Финляндия, Дания, Швеция жана Нидерландия табылды.
Акыркы орундарда Вьетнам, Кытай, Сирия, Түркмөнстан, Эритрея жана Түндүк Корея турат.