Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

АКШ бизнеске жана ооруканаларга 500 млрд. доллар бөлмөй болду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда Ак үй менен Конгресстин лидерлери коронавирус эпидемиясынын кесепеттерин жоюш үчүн өлкө экономикасына 500 миллиард долларлык жардам бөлүү тууралуу макулдашты.

Президент Дональд Трамп Конгресстеги республикачылар менен демократтардын лидерлерин алдыдагы чечимдерди кабыл алууну кечеңдетпеш үчүн жардамдын жаңы топтомун жактырып берүүгө чакырды. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги жазды.​

Президенттин болжолдуу жактыруусун алган мыйзам долбоорунда кичи ишкерликке 321 миллиард доллар өлчөмүндө жардам берүү жана 60 миллиард доллар насыя берүү программалары каралган. Мындан тышкары 75 миллиард доллар ооруканалар менен госпиталдардын керектөөлөрүнө, 25 миллиард доллар коронавируска карата тесттерди өткөрүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууга бөлүнүшү керек.

Бул мыйзам долбоору боюнча добуш берүү Сенатта кийинки шейшемби күнү, Конгрессте андан эки күндөн кийин өтөт.

21-апрелде Ак үйдө макулдашылган мыйзам долбоору пандемия кесепеттерин азайтууга багытталган Кошмо Штаттардагы төртүнчү ири мыйзам чыгаруучу акты болуп калат.

АКШда коронавирустан каза болгон адамдардын саны 45 миң адамдан ашып, 22 миллион америкалык жумушсуз калды.

XS
SM
MD
LG