Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Ош облусундагы көп балалуу мугалимдерге жардам берилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусу боюнча көп балалуу жана жардамга муктаж 360 мугалимге азык-түлүк баштыктары таратылды. Бул боюнча өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Өзгөн районундагы бир нече билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине азык-түлүк баштыктары жана коргонуучу, антисептикалык каражаттар таркатылды. Берилген жардамдын жалпы суммасы 145 миң сомду түздү.

Буга чейин Ноокат районундагы мугалимдерге да жогорудагыдай жардам берилген. Өкмөттүн өкүлчүлүгү жакында Кара-Суу районундагы билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерге да жардам берүү пландалып жатканын билдирди. (DU)

XS
SM
MD
LG