Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын айрым бөлүмдөрү карантинге жабылды


Жалал-Абад облустук аймактык ооруканасы. 18-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абад облустук аймактык ооруканасы. 18-апрель, 2020-жыл.

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия жана терапия бөлүмдөрү 20-апрелден тартып карантинге жабылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

Маалыматка ылайык бул оорукананын коронавирус аныкталган адам менен байланышта болгон 14 кызматкери жана төрт бейтап обсервацияга алынды. Анткени үй карантинде жаткан Майлуу-Суу шаарынын тургуну 19-апрелде Кочкор-Ата шаарындагы ооруканада жаткан эжесин көрүш үчүн келип кеткен. 20-апрелде анын экинчи жолу тапшырган анализинде COVID-19 илдети аныкталган. Буга байланыштуу жакын байланышта болгон бардык адамдар обсервацияга алынып, калгандары изделип жатат.

21-апрелге карата Кыргызстанда илдет жуккандардын жалпы саны 590 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 216сы айыгып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп божомолдоп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG