Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Жалал-Абад жана Ош облустарында жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында соңку бир сутка ичинда эки жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 21-апрелде саат 17:50дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду.

Жердин титиреши Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылдарында, Сузак районунун Соку-Таш айылында үч балл, Сузак районунун Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Гөлөгөн, Чкалов айылдарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

22-апрелде саат 05:24тө Тажикстан менен чектешкен аймакта очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында 3,5 балл, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Шыбак, Кулчу айылдарында үч балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG