Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

COVID-19: Илдет жуккан милиция кызматкерлеринин бири реанимацияда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан бир милиция кызматкери реанимацияда жатат. Бул тууралуу 22-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, баштапкы териштирүү ал кызматкер жумуш учурунда оору жуккан бейтап менен контакт болгон ыктымал экенин көрсөттү.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата ички иштер органдарынын коронавирус инфекциясы жуккан кызматкерлеринин саны 12 адам.

Ошентип, 22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны өлкөдө 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG